• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада байгелүү орундарды алышты

14 Бирдин айы 2023 10:53 Бишкек Govori.TV

2023-жылдын 1-февралынан 10-февралына чейин математика, физика жана информатика (IZHO) боюнча 19-Эл аралык Жаутыков олимпиадасы болуп өттү.

Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, математика боюнча Кыргызстандын атынан жети команда, ал эми үч окуучу жеке катышты.

Өткөн жылдары IZHO олимпиадасында Кыргызстандан 10, 11-класстын окуучулары медаль алып келишкен болсо, быйылкы жеңүүчүлөрдүн арасында 7, 8, 9-класстын окуучулары да бар.

Эл аралык Жаутыков олимпиадасы физика-математика класстарынын окуучуларынын командалык мелдеши.

Ар бир команданын курамында 3 математик, 2 физик, 2 информатик жана 2 жетекчи бар. Бул жылы окуучулар жекече катышуу мүмкүнчүлүгүнө да ээ болушту. 10 күн аралыгында 26 өлкөдөн 281 команда, 1200дөн ашуун окуучу катышкан олимпиадада Кыргызстандын атынан катышкан 12 окуучу байгелүү орундарга ээ болду.

Казакстандын студенттери үчүн олимпиада оффлайн режиминде өттү, калган окуучулар видеокөзөмөлдүн астында онлайн катышты.

Количество просмотров: 96