• Ишенби 6 Кулжа 2026
  • Суббота 6 Июнь 2026

Кыргызстандык жаш режиссёр Казанда өткөн фестивалда баш байге алды

7 Аяк оона 201814:29 Бишкек Govori.TV
Бишкек.07.09.2018.Govori.TV.
Орусиянын Казан шаарында өткөн жаш режиссёрлордун тасмалары көрсөтүлгөн эл аралык кинофестивалдын башкы байгесин кыргызстандык Аскар Нуракун уулу алды.
Фестивалдын гран-присин анын «Киноман» тасмасы алды.
Буга чейин аталган тасма бир нече эл аралык фестивалдарды жеңип, улуттук «Ак илбирс» сыйлыгын да алган.
Аскар Нуракун уулу 27 жашта, ал «Курманжан датка», «Көк бөрү» тасмаларын тартууга катышкан.
Количество просмотров: 36