• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Кыргызстандыктар ажылык сапарга 16-июлдан тарта жөнөп башташат

1 Теке 2019 9:25 Бишкек Govori.TV

Бишкек.01.07.2019.Govori.TV.

16-июлдан тарта, өлкөдөгү зыяратчылар Меккеге жөнөтүлүп баштайт. Бул тууралуу муфтият кабарлайт.

Мааалыматка ылайык, Сауд Арабиясы быйыл ажыга бара турган кыргызстандыктар үчүн 5510 квота бөлүп берген. Учурда ар бир зыяратчылар тобуна бирден ажы башчы дайындалган. Тактап айтканда, быйыл 109 ажы башчы иштеп жатканы белгилүү болду.

Эске салсак, былтыр Кыргызстанга 5485 квота бөлүнүп, ажылыктын баасы 2890 долларды түзгөн.

Количество просмотров: 30