Эл аралык террористтик уюмдун активдүү мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кармалган жарандар террордук акцияларды жасоого тартуу үчүн Кыргызстандын жарандары арасында үгүт иштерин жүргүзүшүп, Сириянын куралдуу кагылыштар болгон аймагына жиберүүнү көздөшкөн.
Азыркы учурда УКМК эл аралык терроризм уюмунун ишмердүүлүгүнө тиешеси бар жарамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иштерин улантууда.