Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын мүчөсү — чабуулчу Мирлан Мурзаевге жасалган операция ийгиликтүү өттү. Акыркы жарым жылдан бери футболчунун тизеси ооруп жүргөнү «Дордой» клубунун расмий баракчасына жарыяланды.
Мурзаевдин айтымында, учурда өзүн жакшы сезип жатат.
«Операция ийгиликтүү өттү. Сезон жанданганга чейин катарга кошулам деп үмүттөнүп жатам», — деген футболчу клубдун жетекчилигине ыраазычылык билдирди.