• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыргызстандын кум үстүндөгү футбол боюнча командасы 1-жолу Азия чемпионатына катышат

28 Бирдин айы 2019 10:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек.28.02.2019.Govori.TV

Кыргызстандын кум үстүндөгү футбол боюнча курама командасы биринчи жолу Азия чемпионатына катыша турганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Мелдеш 5-17-март күндөрү Паттайя (Таиланд) шаарында өтөт.

Маалыматка ылайык, аталган агенттиктин жетекчиси Канат Аманкулов жыйын өткөрүп, анда федерация өкүлдөрү жана машыктыруучулар менен жолугуп, ийгилик каалаган.

Аталган мелдешке баруу үчүн курама командага спорт боюнча мамагенттиктен 607 миң сом каралган.

Чүчү кулактын натыйжасында Кыргызстан В тайпасына туш келген, анда БАЭ, Ливан жана Кытай мамлекеттери бар. Жеңген команда Парагвайда өтө турчу дүйнө чемпионатына катышат.

Количество просмотров: 21