• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Кыргызстандын спортчуларынын капчыгына алтын медалды Төрөкан Багынбай уулу алып келди

24 Баш оона 201816:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек.24.08.2018. Govori. TV.

Бүгүн, 24-августта Индонезияда өтүп жаткан жайкы Азия оюндарында жиу-житсу боюнча финалдык беттештер болуп өттү.

Анда 69 килограмм салмак ченинде Кыргызстандан Төрөкан Багынбай уулу Бириккен Араб Эмиратынын спортчусу Алкирби Талибди жеңип, алтын медаль тагынды.
Төрөкан Багынбай уулу 1/16 финалда ирандык спортчуну утуп, жарым чейрек финалда казакстандык Мансур Хабибуланы жеңген. Чейрек финалдык беттеште Багынбай уулу түркмөнстандык Желилмухаммед Хошанмуродовду 2:0 эсебинде жеңип, жарым финалда таиланддык спортчунун үстүнөн 4:2 эсебинде жеңишке жетти.

Бул Азиада оюндарындагы биздин спортчулардын капчыгындагы 10-медаль болуп эсептелинет.

https://www.facebook.com/100001322322729/posts/1746935972027130/

 

Количество просмотров: 138