Кыргызстандын түрмөлөрүндө 2023-жылга карата жаза мөөнөтүн 7634 адам өтөп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда Юстиция министри Аяз Баетов билдирди.
Анын айтымында, алардын 313ү аялдар.
«Жогоруда айтылган сандар 2004-жылы 16934дөн быйылкы жылга карата 7634кө түштү»,-деди Баетов.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 10 түзөтүү мекемеси, 6 тергөө изолятору, 1 түрмө, 13 түзөтүү абагы, 50 аймактык жаза аткаруу инспекциясы бар.