• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыргызстандын түштүгүндө күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

2 Бугу 2023 14:59 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2-майда саат 10:46да Кыргызстандын түштүк аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн очогу Чаткал тоо кыркаларында, тагыраак айтканда, Кашка-Суу айылынан түндүк-чыгышка карай 15 км, Жылгын айылынан батышка карай 20 км, Аркыт айылынан түндүк-батышка карай 25 км, Кербен айылынан чыгышка карай 25 км жана Ош шаарынан түндүк-чыгышка карай 155 км аралыкта жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Аркы, жылгын, Кашка-Суу, Авлетим, Тегирмен-Сай айылдарында 3,5 балл, Достук айылында 3 баллга чейин сезилген.

Количество просмотров: 59