• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Кыргызстанга унааларды мыйзамсыз алып кирүү фактысына бөгөт коюлду

29 Аяк оона 2023 10:48 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын аймагына унааларды мыйзамсыз алып кирүү фактысына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан республикалык бюджетке зыян келтирген кылмыштардын бетин ачууга жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларын уюштуруунун натыйжасында “Кайыңды-темир жол” товарларды чек арага каттоо пунктунда жалган эсеп-фактураларды берүү менен темир жол аркылуу 8 унааны мыйзамсыз алып кирүү фактысы аныкталды.

Учурда УКМК тарабынан КБР катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Мамлекеттик салык кызматынын жана Мамлекеттик бажы кызматынын адистерин тартуу менен республикалык бюджетке келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 113