• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Кытай Айга отургузган пахтанын уруктары өнө баштады

15 Үчтүн айы 2019 17:58 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 15.01.2019.Govori.TV.

Тарыхта биринчи жолу Айдын көрүнбөгөн тарабына конгон Кытайдын планета аралык «Чаңэ-4» аттуу станциясы алгачкы жолу биологиялык экспериментти ишке ашырды. Станция жеткизген пахтанын уруктары өнө баштаганы белгилүү болду. Бул тууралуу Кытайдын борбордук телеканалы билдирди.

Эксперимент үчүн алты түрдүү өсүмдүктүн уруктары тандалып алынган. Станцияда орнотулган фотоаппараттардын сүрөттөрүндө көрүнгөндөй, пахтанын уруктары алгачкы болуп өнүп чыга баштаган.

Мурда Айдагы радиация шартынын тирүү жандыктарга тийгизген таасирин америкалык астронавттар «Аполлон-17» миссиясын жөнөткөн кезде 1972-жылы изилдеген.Посмотреть изображение в Твиттере

Посмотреть изображение в Твиттере

中国新闻社@CNS1952

【嫦娥四号完成人类首次月面生物实验】北京时间1月15日,嫦娥四号上搭载的生物科普试验载荷发布最新试验照片,照片显示试验搭载的棉花种子已长出嫩芽,这也标志着嫦娥四号完成了人类在月面进行的首次生物实验。这株植物嫩芽后续还将继续生长,有望成为月球上的第一片绿叶。#科技中国 #嫦娥四号296:32 — 15 янв. 2019 г.Смотреть другие твиты 中国新闻社Информация о рекламе в Твиттере и конфиденциальность

Аталган космос аппараты 2018-жылдын 8-декабрында учурулган. Анын башкы миссиясы — Айдын буга чейин белгисиз болуп келген тарабын иликтөө. Аппарат радиоастрономиялык байкоо жүргүзүп, Айдын бетинин түзүлүшүн жана курамын иликтейт.

Чаңэ кытай мифологиясы боюнча Айдын пири деп эсептелет. Кытайдын космос программасынын алкагында 2013-жылы «Чаңэ-3» аппараты Жердин табигый жандоочуна конгон. Жакынкы он жылда Бээжин Айга өзүнүн биринчи пилотторун жөнөтүүнү көздөп жатат. 

Количество просмотров: 19