• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кытайдагы тууган-туушканын издегендер ТИМге чогулушат

17 Бештин айы 2018 10:00 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.12.2018.Govori.TV

Кытайда жашаган жакындарын издеген жарандар бүгүн, 17-декабрда Тышкы иштер министрлигине барышып, кат тапшырышат.

Бул тууралуу Кытайдагы кыргыздарды колдоо комитети билдирди. Ноябрдын этегинде Кытайдагы жакындарын издеген жарандар президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышкан. Кийинчерээк Кыргызстанда “Кытайдагы кыргыздарды колдоо” комитети түзүлүп, бул маселени бийликке, коомчулукка жеткирүү максатында жыйын уюштурулган. Бийлик алардын кайрылуусуна жооп кайтара элек. Тышкы иштер министрлиги кытайлык кыргыздар тууралуу маалыматтарды такталып жатканын айткан. Мекеме азырынча жооп бере элек.

Кытайдын Шинжаң аймагында миңдеген адамдар «саясий тарбия берүүчү лагерлерде» кармалып жатканы тууралуу кабарлар 2016-жылдан бери чыга баштаган. Куугунтукка кабылып жаткандар андай жайларды «түрмө» деп атаса, Кытайдын өкүлдөрү жарандарды кесипке үйрөтүүчү кадыресе «борборлор» катары сыпаттап келет. Буга чейин БУУ мындай лагерлерде бир миллионго чейин адам отурганын тастыктаган ишенимдүү булактар бар экенин билдирген. Ал эми кармалган кыргыздар тууралуу маалыматтар акыркы айларда көп чыгып жатат. «Кытайдагы кыргыздарды колдоо» комитетинин маалыматына караганда, Шинжаңда расмий Бээжин «саясий тарбиялоочу лагерь» деп атаган жайларда 50 миңдей кыргыз отурат.

Теги:
Количество просмотров: 7