Кытайдан келген дарыгерлер бүгүн мекенине кайтат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, Кытайдан келген дарыгерлердин тобу бүгүн саат 12:00дө мекенине учуп кетет.
«Кытайлык дарыгерлердин катышуусу менен бир нече брифинг өтүп, жолугушуулар, пикир алмашуулар болду. Мындан тышкары дистанттык түрдө окутууларды өткөрүштү. Онлайн окутууларга бир учурда 700дөн 2 миңге чейин медицина кызматкери катышты»,- деди Үсөнбаев.