• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кызганычтан чыккан жаңжалдын кесепетинен эки адамга бычак сайган аял кармалды

2 Аяк оона 2019 14:28 Бишкек Govori.TV

Чүйдөгү Жайыл районунда милиция кызматкерлери тарабынан жаңжалдын кесепетинен эки эркек адамга бычак сайган аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, 26-августта РИИБге аймактык ооруканадан бычактан жаракат алган адам тууралуу билдирүү түшкөн. Дароо ыкчам тергөө тобу жөнөтүлүп, жабырлануучунун өздүгү такталган. 1994-жылы туулган С.В. бычактан жаракат алганы аныкталган. Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

«Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын алкагында Жайыл РИИБдин кызматкерлери тарабынан шектүү катары 1976-жылы туулган В.Е. кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө такталгандай, жабырлануучу С.В. 2001-жылы төрөлгөн Ш.В. менен Жайыл районундагы кашарда чогуу жашап жүргөн. Мындан тышкары аталган кашарда дагы бир үй-бүлө — шектүү В.Е. менен күйөөсү Д.Д. да жашаган. Окуя болгон күнү алар чогуу спирт ичимдигин ичип, кызганычтан улам жаңжал чыккан. В.Е. алгач күйөөсүнө, андан кийин С.В.га бычак сайган. С.В. аймактык ооруканага жеткирилип, ага жардам көрсөтүлгөн.

Бул факттар Жазык кодексиндеги 266-берене (бейбаштык) боюнча катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Шектүү В.Е.нын баш коргоо чарасы тандалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши улантылып жатат», — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Булак: barakelde.org

Количество просмотров: 175