• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кызыл-Кыяда топ балдар түндө ызы-чуу салган. 14 өспүрүм кармалды

13 Чын куран 2023 14:14 Бишкек Govori.TV

Кызыл-Кыя шаарында белгисиз балдардын тобу ызы-чуу салган. Окуя 13-апрель, түнкү саат 01:35те болгон. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя тууралуу билдирүү түшөр замат жерине Кызыл-Кыя ШИИБдин начальниги жана ыкчам тергөө тобу барган.

Окуя орун алган жерге келген атайын топ 60-70тей бала колдоруна таяк кармап, таштар менен жолдун жээгинде токтоп турган автоунаалардын терезелерин талкалап жаткандыгына күбө болушкан.

Милиция кызматкерлери аларды токтотуу максатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө аракет кылышкан, бирок белгисиз топ аларга карата таш ыргыткан. Натыйжада милиция кызматкерлерине жана алардын кызматтык унааларына таштар тийип, жабыркаган.

Ыкчам топ жаш балдардын кылмыштуу жоругун токтотуу максатында табелдик куралдары менен асманга карата бир нече жолу ок чыгарышкан. Ошол эле замат Кызыл-Кыя ШИИБдин жетекчилиги тарабынан “Айгай” көтөрүлүп, милиция кызматкерлери шаарды курчоого алып, атайын иш-чараларды жүргүзгөн. Бир нече жолу атылган октон кийин гана ызы-чуу салып жүргөн балдар туш тарапка качып кетишкен.

Бир түн ичинде көчөдө жүргөн 14 жаш өспүрүм кармалып, азыркы учурда бул ишке катыштыгы бар же жоктугу такталууда.

Бул материал Кызыл-Кыя ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, азыркы күндө териштирүү иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 175