Лейлек районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалып калуудан качып жатып, өзүн атып алды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө саат 16:27 чамасында түшкөн маалымат боюнча, аталган райондун 51 жаштагы тургуну М.К. атып өлтүрүлгөн.
Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, Б.М. (шектүү) М.К. аялы менен тойдон келе жатканда «Хонда Джаз» унаасын токтоткон. Көптөн бери болуп келе жаткан чыр-чатактан улам Б.М. 12-калибирлүү жылмакай сайсыз ок атуучу курал менен М.Кнын көкүрөгүнө эки жолу атып, өзү качып кеткен.
Бир сааттай убакыт өткөндөн кийин ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Лейлек районунун Кара-Таш жайлоосунан Б.М. ошол эле курал менен өзүн атып алганы маалым болду. Милиция бул кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн жасалган аракет деп эсептейт.
Окуяга байланыштуу КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси “Киши өлтүрүү” боюнча кылмыш иши козголгон. Соттук-медициналык, соттук биологиялык жана соттук баллистикалык экспертизалар жүргүзүлөт. Учурда тергөө иштери уланууда.
—