• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Ленин округунан депутаттык шайлоо: БШКга дагы бир талапкер арыз берди

4 Чын куран 2023 13:01 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 4-апрелде БШКга талапкер (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) Нурланбеков Актилек Нурланбековичтен Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер катары катышуу ниети жөнүндө арызы келип түшкөн. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтында маалымдалат.

Белгилей кетсек, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майында өтөт. Аталган округдан шайланып келген ЖК депутаты Жаныбек Абиров кафедеги мушташтан улам депутаттык мандатын өз аразы менен тапшырып берген.

Буга чейин БШКга 3 талапкерден арыз келип түшкөн болчу.

Количество просмотров: 68