• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Өлкө аймагында сутка ичинде 6 өрт кырсыгы катталды

12 Жалган куран 2020 9:42 Бишкек Govori.TV

Сутка ичинде өлкө аймагында 6 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылында жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн мору күйгөн. Өрттүн себеби коопсуздук эрежелеринин бузулушу.

Чүй облусунун Москва районундагы Петровка айылында турак үйдүн 45 чарчы метр ички жасалгасы жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында жалпы аянты 25 чарчы метр болгон мончо күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында жалпы аянты 225 чарчы метр унаа майын алмаштыруучу жай толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жийде айылында жыгач устундуу тунуке жабылган эки кабаттуу мал сарайдын 30 чарчы метр чатыры күйгөн.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Количество просмотров: 47