• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Өлкө боюнча милициянын 30 көчмө кабылдамасы иштөөдө

20 Чын куран 2020 17:57 Бишкек Govori.TV

Коронавирус илдетин алдын алуу максатында өлкө боюнча милициянын 30 көчмө кабылдамасы иштөөдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Милициянын көчмө кабылдамалары аймактардын көчөлөрүндө жана коомдук жайларында өлкөдөгү киргизилген өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин эрежелерин сактоосу боюнча кайгуул уюштурулуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Күндүзгү маалда үн чыгаруучу атайын унаа аркылуу жарандарга кайрылып, карантиндик режимдин тартибин сактоосуна эскертме берилүүдө.

Бүгүнкү күндө милициянын көчмө кабылдамалары радио байланыш, милиция кызматкерлерине атайын отургуч, видеокөзөмөлдөө каражаттары жана GPS кошулган копьютерлер менен жабдылган атайын автоунаа болуп саналат. Кызмат өтөөнүн мындай түрү укук бузууну алдын алуу жана бөгөт коюу багытында өзүн жакшы көрсөтө алды. Мобилдүү милициянын көчмө пункту укуктук мүнөздөгү маалыматтарды жарандарга жеткирип түшүндүрүүгө өзгөчө найтыйжалуу болгондугу байкалды.

Милициянын кызматкерлери жеринде арыздарды жана кайрылууларды кабыл алып, ошону менен бирге элди укуктук жактан мыйзамдардын талаптарын маалымдоо максаттары коюлууда.

Количество просмотров: 44