21-июнга карата Кыргызстанда дагы 30 адам коронавирустан айыкты. Бул тууралуу брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Үсөнбаевдин айтымында, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.
«Чүй облусунан 5, Нарын облусунан 9, Ош облусунан 10 бейтап, Жалал-Абад облусунан 2, Ысык-Көл облусунан 4 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды», — деди Үсөнбаев.
Кошумчалай кетсек, республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 2011 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды