• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Өлкөдө аскерге чакыруу токтотулду

24 Жалган куран 2020 12:59 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда аскерге чакыруу токтотулду. Бул туурасында Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматынын жетекчиси Римма Даниярова Sputnik Кыргызстан агенттигинк билдирген.

«Коронавирусту жайылтпоо эрежелерин сактоо үчүн жана өзгөчө кырдаал жарыялангандыгына байланыштуу аскерге чакыруу токтотулду. Абал турукташканга чейин Куралдуу күчтөргө кабыл алуу болбойт», — деди Даниярова.

Ошондой эле ал аскер бөлүктөрдө дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп, баарына маскалар таратылып жана бардык жерге дезинфекторлор коюлганын кошумчалады.

Эске сала кетсек, мартта башталган чакыруу 31-майга чейин уланмак. Аскер кызматына 3000 кишини тартуу пландалган.

Количество просмотров: 143