• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Өлкөдө эң көп каражат билим берүү тармагындагы кызматкерлердин маянасын көбөйтүү үчүн бөлүндү

5 Чын куран 2022 15:31 Бишкек Govori.TV

Каржы министрлиги социалдык тармак кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатуу боюнча өз эсебин жарыялады.

Маалыматка караганда, илим жана билим берүү тармагына 18,5 миллиард сом бөлөт. Мектеп мугалимдери менен бала бакча тарбиячыларынын негизги маянасы 80%, жогорку окуу жайлардын окутуучулары менен илим кызматкерлериники 50% көбөйөт.

5,5 миллиард сомго жакын каражат медицина кызматкерлеринин фондун жакшыртууга бөлүнөт. Анын алкагында бардык персоналдын, анын ичинде техникалык, кеже тейлөөчү, административдик-башкаруу бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин маянасы 50 % жогорулайт.

Маданият жана социалдык коргоо кызматкерлеринин маянасы 100% көбөйтүлөт. Бул үчүн жалпысынан 2 миллиард сом бөлүндү.

Кыргыз бийлиги 1-июлдан тартып балдардын жөлөк пулун көбөйтүүнү пландоодо.

Количество просмотров: 365