• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Өлкөгө мыйзамсыз ташылып келе жаткан кой эти аныкталды 

29 Теке 202410:01 Бишкек Govori.TV

Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келе жаткан 1600 кг кой эти кайра артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ветеринардык кызматтын “Кең-Булуң” чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан Казакстан Республикасынан Кыргызстандын аймагына 1600 кг өлчөмүндө койдун эти мыйзамсыз жол менен ташылып келе жаткандыгы аныкталган.

«Жүктө ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы, ошондой эле тиешелүү ветеринардык коштоочу документтери жок экендиги аныкталып, инспекторлор тарабынан тиешелүү артка кайтаруу актысы түзүлүп, жүк “Кең-Булуң” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу Казакстан Республикасына артка кайтарылды»,-деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 131