• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Президенттин атын сатып, 80 миң доллар алып, изин жашырган жаран кармалды

18 Теке 202412:24 Бишкек Govori.TV

Алдоо жолу менен 80 миң АКШ долларын алууга шектелген Бишкек шаарынын тургуну 1978-жылы туулган Т.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Шектүү жаран, А.А. аттуу жарандын арызы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында ИИМдин ыкчам кызматкерлери жана ИИМдин Тергөө кызматынын тергөөчүлөрү тарабынан кармалган. Кармалган жаран өзүн жабырлануучуга өлкө башчысынын жана УКМКнын төрагасынын жардамчысы катары тааныштырган. 2024-жылдын февраль айында башка кылмыш иши боюнча материалдык зыяндын ордун толтурууга жардам берүүнү убада кылып, жабырлануучудан 80 000 АКШ долларын алган. Бирок, акча каражаттарын алгандан кийин изин жашырып кеткен. Ички иштер министрлиги өлкөнүн жогорку саясий жетекчилигинин аракеттерин дискредитациялоого багытталган фактыларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ишти улантууда. Жогорудагы иш боюнча тергөө иштери уланууда. Эгерде, ошол жарандын алдамчылык аракеттеринен жабыркаган жарандар болсо, төмөнкү телефондорго кайрылууну өтүнөбүз: 0707 868 668, 0701198219, 0779 443 455, ИИМдин КИББдин нөөмөт бөлүгү: 0312 266 261

Теги:
Количество просмотров: 159