• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

“LOL” фирмасынын оюнчуктары балдар үчүн зыяндуубу?

17 Аяк оона 2018 14:28 Бишкек Govori.TV
Бишкек.17.09.2018.Govori.TV.

Казакстанда, Коомдук саламаттыкты сактоо боюнча комитети “LOL” куурчактарындагы зыяндуу заттын көлөмү нормадан ашыкча экенин аныктап чыккан.

Бул куурчактар биздин өлкөдө да көп өлчөмдө сатылат. Мындан улам биз ушул маселенин айланасында атайын изилдөө жүргүүзүнү туура көрүп,  дүкөндөн куурчакты сатып алдык.  Эми лабораторияга атайын экспертиза жүргүгүүгө алып барып беребиз.

Лаборатория жыйынтык чыгарган соң, оюнчуктардын балдарга канчалык деңгээлде зыян экени белгилүү болот.

Кошумчалай кетсек, казакстандагы жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында фенол жана формальдигиддин бир канча эсеге көп өлчөмдө кошулганы  аныкталган.

Бул куурчактарды кытайдын YiliHansonTradeLogisticsCo., Ltd. компаниясы чыгарат.

Саламаттык сактоо министрлигинин, Оорулардын алдын алуу жана көзөмөл департаментине, кытайдан алынып келинген “LOL” куурчагына атайын экспертиза жүргүзүү үчүн өткөрүлүп берилди.

Аталган мекеменин лабораториясында көзөмөл жүргүзүшүп, балдар үчүн зыяндуу заттын канчалык деңгээлде экенин аныктап берет. Жыйынтык 10 күн аралыгында чыгаарын айтты.

Уландысы бар…

 

Количество просмотров: 23