Жашы жете элек кызды издөө үч күндөн кийин гана башталат, деген милиция кызматкерине карата маалымат таратуу фактысы боюнча жүргүзүлүп жаткан кызматтык иликтөөнүн алкагында, жалган маалыматка тиешеси бар жаран аныкталды. Бул тууралуу ИИМ таратка маалыматта айтылат.
Маалыматка ылайык, ал 2002-жылы туулган Нарынбек уулу Сыймык аттуу жаран болуп чыкты.
«Бул жаран маркумдун тууганы эмес. Буга чейин ал уурулук жана алдамчылык жасоого шектелип, жоопкерчиликке тартылган. Чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратуу менен ал коомчулукту адаштырган жана жабырлануучунун үй-бүлөсүнө жана жагдайларына эч кандай тиешеси жок. Ошол эле учурда аталган жаран кылмыш тууралуу чындыкка дал келбеген ойдон чыгарылган маалыматтарды таратып, коомдогу чыңалууну гана күчөткөнү аныкталды. Учурда Нарынбек уулу Сыймык Ысык-Көл ОИИБдин тергөө кызматына жеткирилди. Анын иш-аракеттерине тиешелүү укуктук баа берилет», — деп жазылат билдирүүдө.
Ошондой эле Ички иштер министрлиги жарандарды министрликтин расмий булактары аркылуу жарыяланган маалыматтарды гана алууга жана ишенүүгө чакырат.
Ысык-Көл облусунда 17 жаштагы Айсулуу Мукашева 27-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Каракол шаарына курбусунукуна кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Кийин кыздын Чүй облусунун Кемин районунун Жел-Арык автожолунун 14-чакырымына башкача айтканда Боом капчыгайынан табылган.
ИИМдин боюнча, аны Барскоон айылында 41 жаштагы шектүү Honda Stream үлгүсүндөгү автоунаасына салып кетип, Жеңиш айылында зордуктаган. Андан соң Тоң районунун Кажы-Сай айылынын чыгыш тарабында жайгашкан көлмөнүн жанына алып барып мыкаачылык менен муунтуп өлтүргөн. Кийин кыздын сөөгүн Боом капчыгайына ыргытып жиберген.
Буга чейин бир нече жолу соттолгон 41 жаштагы шектүү ушул тапта Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында кармалууда.