• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Люктун капкагын уурдоого шектелип эки жаран кармалды

26 Теке 2022 17:57 Бишкек Govori.TV

Бишкекте люктун капкагын уурдоого шектелип эки жаран кармалганын Ленин райондук милициясынан кабарлашты.

Интернет тармагында 25-июлда Лущихин көчөсүндөгү люктун капкагын эки белгисиз адам уурдап жатканы тартылган видео тараган.

Окуя боюнча милицияга Ленин районундагы аймактык муниципалдык башкармалыгынын төрагасы Т.С. арыз менен кайрылган. Ал 25-июлда саат 02:00дөр чамасында Лущихин менен Калужская көчөлөрүнүн кесилишинде 7 миң сомду түзгөн эки люктун капкагы уурдалганын билдирген.

Аталган факты маалыматтардын электрондук журналына катталган.

Шектүү катары 23 жаштагы Н.А. жана 31 жаштагы Т.Ы. аттуу жарандар кармалып, тергөө кызматына жеткирилген.

Количество просмотров: 197