• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Мөңгүлөрдүн көлөмү жылдан жылга азаюуда

23 Тогуздун айы 2018 14:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 23.10.2018. Govori.TV

Бүгүн Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк тоо форуму өтүп жатат. Форумдун жүрүшүндө  Айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов Кыргызстанда мөңгүлөрдүн көлөмү азайып жатканын билдирди.

Бирок мөңгүнүн көлөмү канча пайызга азайып жатканын билүү үчүн атайын анализдер жок экенин кошумчалады. Ал «Кыргыз жеринде да мөңгүнүн көлөмү азайды, аны жашырууга болбойт. 50 жыл аралыгында 30 пайызга азайып кетти деп жатышат. Канча көлөмгө азайып жатканын билүү үчүн анализдерге таянуу зарыл. Ал анализдер азырынча жасала элек. Жакында Google картасы аркылуу караганыбызда мөңгүлөрдүн этектери жок болуп кеткенин көрдүк», — деп билдирди.

Бүгүн форумда расмий ачылышы болгон форумга 40ка чукул өлкөдөн 300дөн ашуун эксперттер катышып жатат. Алар 26-октябрга чейин Бишкекте болуп, климаттын өзгөрүүсү, тоолуу аймактарды өнүктүрүү, ага инвестиция тартуу жана жаңы жаралган маселелер менен сунуштарды талкуулашат.

Количество просмотров: 17