• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланыңыз: Орусияда Кыргызстандык жарандарга мунапыс жарыяланууда

22 Жалган куран 2019 9:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 22.03.2019. Govori.TV

КРнын жарандарына карата дагы бир ирет миграциялык мунапыс жарыяланып жатат. Кимдин майда миграциялык маселелери болсо бул мунапыстан пайдаланып, миграциялык тарыхыңыздарды тазалап алууну Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги сунуштайт.

Кыргыз Республикасынын жарандарына карата “миграциялык амнистияны” жарыялоо тууралуу маалыматтык кабар

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары,

Кыргызстандын  Россия Федерациясындагы Элчилиги Россия Федерациясынын Президенти В.Путиндин Кыргыз Республикасына боло турган мамлекеттик сапарына карата КРнын жана РФнын мамлекет башчыларынын деңгээлинде жетишилген кыргыз-россиялык келишимдерди ишке ашыруунун алкагында россия тарабы Кыргыз Республикасынын жарандарына карата “миграциялык мунапыс” жарыялоо чечимин кабыл алгандыгын маалымдайт.

“Миграциялык мунапыс” мезгилинде Россия Федерациясынын аймагында миграциялык мыйзам бузуулары менен жүргөн Кыргызстандын жарандарына 2019-жылдын 22-апрелине чейин эч кандай тоскоолдуксуз чыгууга жана кайра каалаган учурда административдик жоопко тартылбастан кирүүгө укук берилет.

Бул маалымат 2019-жылдын 21-мартында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин делегациясы менен Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Миграция маселеси боюнча Башкы башкармалыгынын Начальниги В.Казакова менен жолугушууда белгилүү болду.

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги миграциялык майда мыйзам бузуулары бар жарандарды жогоруда белгиленген мөөнөттүн ичинде “миграциялык мунапыстан” пайдаланып алууга чакырат.

Мүмкүн болушунча жакындар, жердештер, кесиптештер арасында бул маалыматты таркатууну өтүнөт.

Толугураак маалымат алуу үчүн Элчиликтин ыкчам байланыш тел. + 925 103 29 11 кайрылсаңыздар болот.

Теги:
Количество просмотров: 17