• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Өмүрбек Бабанов «Республика» партиясынын съездин өткөргөнү жатат

17 Бештин айы 2019 10:20 Бишкек Govori.TV

Республика партиясынын съезди 20-декабрда өтөт. Бул тууралуу Govori.TVга Республика-Ата Журт фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев билдирди.

Аталган съездде партиянын жаңы лидери шайланышы мүмкүн. Азырынча Өмүрбек Бабановдун ордуна эки талапкердин ысымы айтылууда. Мирлан Жээнчороев жана Кенжебек Бокоев талапкерлигин коюшу мүмкүн.

Эскерте кетсек, Республика партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан толук кеткенин жарыялаган. Башкы прокуратура 2017-жылдын 28-сентябрында ошол кезде президенттикке талапкер катары үгүт иштерин жүргүзүп жүргөн Бабановдун Ош шаарынын Амир-Темир кичи районундагы сүйлөгөн сөзү боюнча кылмыш ишин козгогон. Эми ал ошол иштин алкагында күбө катары сурак берип жүрөт. Бабанов Финансы полициясында «Кыргызстан» банкы боюнча дагы сурак берип жатат.

Саясатчы Камчыбек Ташиев 2020-жылы боло турган парламенттик шайлоого “Ата Журт” партиясы “Республика” менен биригип барышы мүмкүн дейт. Ал “Азия Ньюс” гезитине маек берип жатып жакында Өмүрбек Бабанов менен сүйлөшүүлөр башталганын белгилеген.

2010-жылы «Ата Журт» партиясы биринчи орунду алып келген. 2015-жылы бириккен «Республика – Ата Журт» партиясы экинчи орунду камсыз кылган. Азыр 2020-жылкы шайлоого ошол эле «Ата Журт» партиясынын тегерегинде эле барабыз. Бирок, азыркы күндө ачык эле айтыш керек, так эле «Ата Журттун» жалгыз өзү барары да кыйын. Мүмкүн ошол эле «Республика – Ата Журт» партиясы менендир, бул маселени жакында чечебиз. Алүстүнө Өмүрбек Бабанов да келип калды. Жакындан сүйлөшүп, баарлашып атабыз. Ал эми Өмүрбек Бабанов «Азырынча саясатка кайтпайм» деп катуу позициясын карманып турат. Турмуш ар кандай өзгөртүүлөрдү киргизиши мүмкүн, – деген пикирин билдирет Ташиев.

Эске салсак, буга чейин «Республика – Ата Журт» фракциясы азыркы курам менен шайлоого катышпай турганы айтылган.

Жаңы саясий сезондун башталышы менен партиялар 2020-жылдагы парламенттик шайлоого даярдык көрө башташкан эле.

Количество просмотров: 622