• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: “Республиканы” бир эле Бабанов каржылаган эмес . Каракчылыкка шектелип жаш жигит кармалды

27 Бирдин айы 2020 13:52 Бишкек Govori.TV

КАРАКЧЫЛЫККА ШЕКТҮҮ КАРМАЛДЫ

Бишкекте каракчылыкка шектелип жаш жигит кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-февралда түндө милицияга Жаш Гвардия бульвары менен Фрунзе көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан “Народный” дүкөнүнө куралчан белгисиз жигит кирип келди деген кабар келип түшкөн.

Жерине барган милиция кызматкерлери жигит кылмыш жасаганга жетишпей калгандыгын көрүшкөн. Ал күзөтчүнү көрүп супермаркеттен качып кеткен.

Шектүүнү Жибек Жолу жана Ала-Арча көчөлөрүнүн кесилишинен кармашкан. Ал 2001-жылы туулган М.Д. аттуу жаран болгон. Анын жанынан колго жазалган курал табылган.

Шектүү Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын бөлүмчөсүнө жеткирилген. Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө.

ЖЭЭНБЕКОВ МОСКВАГА КЕТТИ

Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Россия Федерациясынын Москва шаарына учуп кетти Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-февралда эки күндүк иш сапары менен Россия Федерациясынын Москва шаарына учуп кетти. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапарынын биринчи күнүндө Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт, анда кыргыз-орус мамилелеринин азыркы абалы жана келечеги талкууланат. Ушул эле күнү эки Мамлекеттин башчылары Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Эриш-аркак жылынын ачылыш аземине катышат. Иш сапардын алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Белгисиз солдаттын мүрзөсүнө гүлчамбар коюп, Москва шаарынын ВДНХ аймагындагы “Кыргызстан” павильонуна барат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында тышкы иштер министри, Кыргызстандын Россиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров, вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, Жогорку Кеңештин депутаттары жана маалымат жана туризм министри бар.

“РЕСПУБЛИКА” ШАЙЛООГО БАРАТ

Буга чейин “республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов саясаттан кеткенин айткан, ал эми лидерликти депутат Мирлан Жээнчороев ээлеген. Партиялык ишин жыйынтыктаган Бабанов партияны каржылоону токтоткону да айтылган эле. Ал эми жаңы лидер Мирлан Жээнчороев “Республиканы” бир эле Бабанов каржылаган эмес деген пикирин айтты. Ал   “Республика” партиясы шайлоого барат жана партия 2010-жылкы шайлоолордон бери катышып, босогону жөн эле аттабай, ийгиликтерге жетип жүргөнүн кошумчалады.

Количество просмотров: 275