• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Өмүрбек Текебаев неврология борборуна которулду

28 Баш оона 2018 18:59 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 28.08.2018.Govori.TV.
Экс-депутат Өмүрбек Текебаев Улуттук кардиология борборунан неврология борборуна которулду. Бул тууралуу анын жактоочусу Таалайгуль Токтакунова билдирди.
Анын айтымында, консилиумга чогулган даарыгерлер Өмүрбек Текебаевдин даарылонуусун токтотпоо керектигин айтышкан. Ал эми операция жасоо маселеси ачык бойдон калууда. Соттолуучу өзү калкан безинин жанында пайда болгон шишикти алып салууга макулдугун бере электигин кошумчалады.
Эске салсак, Өмүрбек Текебаев Улуттук кардиология борборуна 1-августта келип түшкөн.
Количество просмотров: 27