• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

«Коопсуз шаар»долбоорун ишке ашыруу боюнча ачык онлайн аукциону өтүп жатат

23 Баш оона 2018 15:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 23.08.2018. Govori.TV

Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинде    «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыра турган компанияны тандоо үчүн, онлайн түрүндө ачык сынак жүрүп жатат.

В Госкомитете информационных технологий и связи выбирают подрядчика для "Безопасного города" через открытый онлайн-аукцион.

Опубликовано Kloop Четверг, 23 августа 2018 г.

Эскерте кетсек, бүгүн «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыра турган компанияны тандоо болот. Бул тууралуу «Азаттык» радиосу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев билдиргенин кабарлашкан. Шаршембиевдин айтымында, техникалык жана укуктук актылар боюнча эки иш тобу түзүлгөн. Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси жана тапшырмасы бүткөн, коомдук талкуулар өткөрүлдү. Тендер 20-июлда жарыяланган.
Шаршембиев белгилегендей, тандоо эки тур менен өтөт:
Биринчи турда автоматташтырылган система өзү тандайт. Экинчиси – сынак комиссиясы ар бир компаниянын документтерин карап чыгат.
Сынак ачык, он лайн режимде өткөнү жатат. Ар бир этап коомчулук үчүн ачык көрсөтүлүп турат.
Шаршембиев кошумчалагандай, «Коопсуз шаар» долбоорун сервистик модель менен жүзөгө ашыруу каралып жатат. Өкмөт жабдууларды сатып алууга катышпайт, фото жана видеофиксация кызматтарын гана сатып алып турат.
Количество просмотров: 26