• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Мадумаров: Кыргыз-тажик чек арасына караганда буларга Мадумаровдун жүрүшү кооптуураак

20 Чын куран 2022 16:38 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-тажик чек арасына караганда буларга Мадумаровдун жүрүшү кооптуураак. Мындай пикирин ЖК депутаты Адахан Мадумаров билдирди.

«Мен кайрылып келем, бекерден акча каражат кетирбей жазуучу жабдыкты мен чөнтөгүмө салып алайын, 24 саат боюу эмне сүйлөгөнүмдү токтоосуз түрдө мен өзүм силерге алып келип берем деп. Менин артымдан жүрүүнүн кажети жок, неберем менен жүрсөм да артымдан экөө жүрүшүптүр. Бул алсыздык… Мага десе андан бешөөнү койсун, мага кээде айтышат да бир эле жерге бара бербей которуп туруу керек деп. Жок, мен бир эле жерге барам, ошол жерде болом. Андайдын 20сын койсо да мен сүйлөй турган сөзүмдү сүйлөйм. Тескерисинче биз куран кылган, ооз ачкан жерде саясат жөнүндө сүйлөбөйбүз. Бекерден бекер мамлекеттин, элдин акчасын коротуунун кажети жок», — дейт Мадумаров.

Эске салсак, 18-апрелде Жогорку Кеңештин “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров тыңшоого кабылып жатканын айтып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти айыптаган. Депутат өз сөзүндө ал ооз ачкан жайдан жашыруун тыңшоочу аппарат табылганын билдирген.

Количество просмотров: 937