• Бейшемби 25 Теке 2024
  • Четверг 25 Июль 2024

Мадумаров: Сотко ишенбөөчүлүк көрсөттүк

3 Кулжа 2024 15:36 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-июнда Бишкек шаардык сотунда саясатчы Адахан Мадумаровдун апелляциялык арызы каралды.

Мадумаров журналисттерге кыскача комментарий берип, сотко эки жолу ишенбөөчүлүк көрсөтүшкөнүн айтты.

«Ишенбөөчүлүк көрсөткөнүбүзгө карабай, судья ишин улантып отурат. Негизи Кыргызстандагы судьялардын бардыгы көз каранды»,-деди Мадумаров.

Үстүбүздөгү жылдын 26-мартында Бишкектин Биринчи Май райондук соту Мадумаровду күнөөлүү деп таап, иштин мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес.

Мадумаров 2023-жылы 2-сентябрда кармалган.

Ага кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган.

Количество просмотров: 71