Бишкек.01.01.2019.Govori.TV.
31-декабрда Орусиянын Магнитогорск шаарында көп кабаттуу үйдө газ түтүгү жарылып, 35 батир толугу менен урап, 10 батир жарым жартылай кыйраган. Бул тууралуу Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги расмий сайтына жарыялады.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен берилген маалыматка караганда, 8 адамдын жансыз денеси урандылардын астынан чыгарылды. Дагы 36 адам дайынсыз болууда.
16 адам эвакуацияланып, 5 адам ооруканага жеткирилген. Азыркы тапта дайынсыз болгондорду издөө иштери убактылуу токтотулду.
Өкмөттүк комиссия имараттын абалын текшерип, урап түшкөн бөлүктүн жанындагы конструкцияларды бузуу чечимин кабыл алган. Буга имараттын башка бөлүктөрүнүн да урап кетүү коркунучу чыкканы себеп болгон.