• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Конор 100 миллион сунуштаса Хабиб реваншка чыгууга макул болот

24 Тогуздун айы 2018 18:32 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 24.10.2018.Govori.TV
UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун менеджери Али-Абдель-Азиз өзүнүн инстаграм баракчасы аркылуу Конор МакГрегорго кайрылуу жасады.
«Чемпион Хабиб Нурмагомедов жашоо менен ырахаттанып жатат. Анын кимдир бирөөнүн майда-чүйдө сөздөрүн угууга  убактысы жок.  Бирок, мен актанууну издеп жүргөн аянычтуу жанга жана анын тобуна тынч жүр демекмин. Кантип мелдешти утсун, эгер анын кыймылдоого дагы мүмкүнчүлүгү чектелген болсо.. Көчөдөгү кармаштар менен эле сен жыйынтыкталышың керек эле. Жеңилгениңде жаш баладай аянычтуу көрүндүң»,- деген.
 Хабибтин менеджери МакГрегордун дарегине ушул сыяктуу акаараттарды айтуу менен анын беделине дагы шек келтирип өткөн. Мындан сырткары ал эгер 100 млн алып келсе, Хабиб реваншка чыга турганын кошумчалаган. Бирок, акча бирдиги так көрсөтүлгөн эмес.
Количество просмотров: 34