Govori.TV интернет телеканалдардын сап башында турат. Бул туурасында коомдук ишмер Максат Чакиев “Govori.TV” мультимедиалык маалымат агенттигинин туулган күнү менен куттуктап жатып айтты.
«Биринчиден 3 жылдык юбилейиңер менен куттуктайм. Кыргызстандагы интернет телеканалдардын арасында сап башында жүрөсүңөр жана актуалдуу маселелерди чагылдырып келесиңер. Ушул темпте кетишиңерге тилектешмин. Ал эми сунушум катары жөнөкөй жарандар үчүн кененирээк аянт түзүп берүүңөрдү айтат элем. Дагы көптөгөн ийгиликтерге жетишесиздер деген оюм бар», — деди ал.