• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Максат Чаки: Кыргызда ушундай аялды кордоп жатат деп көрсөтүү чыгармачылык эмес — саясат

2 Бештин айы 2019 18:44 Бишкек Govori.TV

Кыргызда ушундай аялды кордоп жатат деп көрсөтүү чыгармачылык эмес — саясат. Бул тууралуу «Ордо» партиясынын мүчөсү Максат Чакиев Govori.TVга курган маегинде билдирди.

Болгондо дагы радикалдуу ыкмадагы саясат. Гапар Айтиевде кечирип койгула, ич кийимдер аркылуу көрсөтүү, иче карындарды жууп, ошол аркылуу көрсөтүү бул кыргыз элин жамандоо аракети болду. Эми жанагы иче карын артканды көрсөткөнгө мен түшүнбөйм, кечирип койгула ал биздин маданият. Жана дагы ар кандай лозунгдарды жазышыптыр, эми мен аны искуство деп ойлобойм, — деди ал

Эске салсак, социалдык тармактарда Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде көргөзмө өтүп, ал жерге ич кийимдердин илингени, жылаңач айымдарды көрсөтүлгөнү кызуу талкууга алынууда.

Количество просмотров: 69