Бишкекте кыргыздын туңгуч сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин аты жазылгып, сөлөкөтү мемориалдык тактага белгисиз бирөөлөр боёп кетишти. Бул тууралуу Фейсбук колдонуучулары жазып чыгышты.
Бул маалымат талкуу жаратып, сын пикирлер айтылган эле.
Ал эми шаардык мэрия булганган эстелик тазаланып, кайра калыбыга келтирилгени тууралуу мааалымат таратты.
Белгилей кетсек, Гапар Айтиев — алгачкы кыргыз сүрөтчүсү болуп саналат. Анын ысымы Бишкектеги көркөм-сүрөт музейине коюлган.