Бишкек.24.12.2018.Govori.TV.
Өткөн жумада Максим Бакиевдин өнөктөштөрүнүн бири деп эсептелген латвиялык ишкер катары белгилүү болгон Валерий Белоконь Советтер Союзундагы Мамлекеттик коопсуздук комитети – КГБнын баканооздорунун тизмесинен табылган.
Латвия КГБнын архивин ачыкка чыгарган. Агенттер, резиденттер жана жашыруун жолугушуулар өтүүчү жайлар үчүн жооптуулардын аты-жөнү, каймана аты жазылган 10 миңдей документ өткөн кылымдын 80-жылдарында топтолгону айтылат.
Алардын арасында Валерий Белокондун атына жазылган карта табылып, анда, 1960-жылы туулган «Мячиков» каймана аты менен жазылган «Советская молодежь» гезитинин корреспонденти экени жазылган.
Анын баары эми Латвиянын мамлекеттик архивинин Интернеттеги расмий сайтында ачык болот.
Валерий Белоконду кыргызстандыктар «2010-жылга чейин арам акчаны адалдоого аралашкан» деген “Манас” банкынын мурдагы жетекчиси катары билишет. Ал эми Англиянын түндүк-батышындагы 140 миңдей киши жашаган Блэкпул шаарындагылар аны жергиликтүү футбол клубунун мурдагы президенти катары таанышат.