• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Макул шеф». Балбак Түлөбаевдин жообу көпчүлүктү күлкүгө бөлөдү

13 Үчтүн айы 2021 14:34 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 13-январда көпчүлүк аймактарда кар жаады. Мындан улам борбор калаада жол тайгак жана туман болгондуктан жолдо жүрүүгө кыйынчылык жаралды. Буга байланыштуу социалдык тармактын колдонуучусу Темирлан Ормуков мэрдин милдетин аткаруучуга «Балбак көчөнүн карын күрө» деген билдирүү калтырган.

Көп узабай, аталган жаранга мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев өзү тамашалуу жооп кайтарган. Түлөбаевдин жообу көпчүлүктү күлкүгө бөлөп, интернеттегилер түрдүү пикирлерин жазышууда.

Количество просмотров: 34922