• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Маматалиев ӨЭУ тууралуу мыйзамды гей-парад болбошу үчүн колдогон

22 Бугу 2020 18:22 Бишкек Govori.TV

Парламенттеги “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты Марлен Маматалиев өкмөттүк эмес уюмдардын ишин көзөмөлдөөгө багытталган мыйзам долбоордун демилгечилеринин катарынан чыкканын билдирди.

22-майда укук коргоочулар уюштурган «Өкмөттүк эмес уюмдар тууралуу мыйзамды алардын катышуусуз кабыл алып жатышат» деп аталган видео конференцияда Маматалиев өз кадамын берген сунуштары эске алынбаганы менен түшүндүрдү.

«Ооба, башында мыйзам долбоорун колдогом. Мага бизде гей-парад болбошу үчүн ушундай мыйзам керек экенин айтышкан. Бирок азыр бир катар туура эмес жагдайлар бар экенин көрдүм. Анын үстүнө менин сунуштарым эске алынган жок”, -деди Маматалиев.

Мыйзам долбоорун иштеп чыккан депутаттык топтун курамында Марлен Маматалиевден тышкары Бактыбек Райымкулов, Умбеталы Кыдыралиев, Улан Примов, Жылдыз Мусабекова, Бактыбек Турусбеков, Евгения Строкова жана экс-депутат, азыркы вице-премьер-министр Аида Исмаилова бар.

Количество просмотров: 83