Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин төрагасы Мамбетжунус Абылов ооруканадан абакка которулду. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова жазды.
Маалым болгондой, Абылов 7-февралда Улуттук госпиталга жаткырылып, операция жасалган.
Биринчи май райондук сот аны апрелге чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.
Эске салсак, өткөн жылдын 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер кармалган. Ушул тапта 29 кишинин 26сы тергөө абагында, бешөө ден соолугуна байланыштуу үй камагында. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген.