• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Мамлекеттен мыйзамсыз 59,5 млрд сом чыгарып кеткен шектүү изделүүдө

15 Жалган куран 2021 17:24 Бишкек Govori.TV

Акча каражаттарын чыгарып кетүү фактысы боюнча Жолдошбаев Бахтияр Сатышевич изделүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мекеме кабарлагандай, аталган жаран Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмү (Коррупция) фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, мамлекеттен мыйзамсыз 59,5 млрд сом чыгарып кеткен.

«Акча каражаттарын чыгарып кетүүгө катышкандыгы бар, Кыргыз Республикасынын жараны 1973-жылы туулган Жолдошбаев Бахтияр Сатышевич изделүүдө»,-деп айтылат маалыматта.

УКМК издөөдө жүргөн Жолдошбаевдин жүргөн жери жөнүндө кандайдыр бир маалымат болгон болсо, нөөмөт бөлүмүнүн телефондору 0312-62-05-85, 0312-66-04-75, ошондой эле 0555-55-30-46 мобилдик телефону аркылуу кабарлашыңыздарды суранат.

Количество просмотров: 377