Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда мамлекетке чыккынчылык үчүн шек саналып жаткан Марат Казакпаевдин жана М.Тнын бөгөт чарасы карады.
Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, соттун 2021-жылдын 14-апрелиндеги токтомуна ылайык, шектелуучу К.М.С.га карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү 2021-жылдын 14-июнга чейин тандалды жана ал Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө изоляторуна камакка алынды. Ал эми Т.М.А.га карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү 2021-жылдын 13-июнуна чейин тандалды жана ал Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө изоляторуна камакка алынды.
Эске салсак, УКМК мамлекетке чыккынчылык кылууга шектүү катары эки адам кармалганын, алардын биринин аты-жөнү Марат Казакпаев экенин 14-апрелде расмий кабарлады. Ал эми чыккынчылык иши боюнча кармалган экинчи адам – Кыргызстандагы казак диаспорасынын экс-башчысы Марат Токтоучиков экени айтылды. Мекеменин басма сөз кызматы алар ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында табылган далилдердин негизинде 13-апрелде кармалганын билдирди.