• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Манас» аэропортунан качкан жаран Сузакка кетип бара жаткан жеринен кармалды

22 Жетинин айы 2018 12:22 Бишкек Govori.TV
Бишкек.22.11.2018.Govori.TV
«Манас» эл аралык аэропортунан мал урдоого шектелип жүргөн жаран кармалып камакка алынган. Бирок айыпталуучу качып кеткенге үлгүрүп, милиция кызматкерлери аны кайра кармап, камакка алды.
Бул тууралуу «Говори.ТВ» агенттигине  ИИМдин басма сөз кызматынын башкы тескөөчүсү Эрнис Осмонбаев билдирди.
«20-ноябрь күнү кечке маал «Манас» аэропортунан милиция кызматкерлери 1968-жылы туулган,Сузак районунун тургунун Россиядан учуп келе  жаткан жеринен кармашкан. Ал көп жылдан бери мал урдоого шектелип изделип жүргөн.
Айыпталуучу ошол кунү эле кечинде  «Манас» аэропортунун  таранспорт милициясынын абагына киргизилген. 21-ноябрда эрте менен милиция кызматкерлери кармалган жаранды камерада жок экенин билишкен. Ал белгисиз себептерден улам качып чыккан.
 22-ноябрь күнү тункү саат 1:30дар чамасында Чүй облусундун Жайыл районундагы «Сосновка» постунан айыпталуучу кармалды. Ал өз үйүнө Сузак районуна катардагы жүргүнчүлөр менен бара жаткан»,-деди Осмонбаев.
Учурда бул окуя боюнча ыкчам иликтөө иштери  жүрүүдө.
Количество просмотров: 10