“Манас” аэпортундагы борт питаниени уюштуруу боюнча өткөрүлгөн тендерден жемкордуктун изи табылып, бул факты боюнча АКС кылмыш ишин козгоду.
«Бул кылмыш ишинде башкы фигура катары аэропорттун азыркы жетекчиси Эмир Чукуев менен экс-жетекиси Албек Ибраимов катышууда»,-деп жазат NazarNews өздүк булактарынын маалыматына таянып.
“Манастагы” бул иштер боюнча кезинде Өмүрбек Текебаев, андан кийин Рыскелди Момбеков чырылдап чыгышкан болчу. Акыр-аягы атайын кызматтар маселеге көңүл буруп, юридикалык баа берүүгө киришти.
Маалыматтарда, “Манас” аэропорту борт питаниени уюштуруу лотун Албек Ибраимовго (аялына катталган) таандык фирмадан 3 эсе кымбат баада сатып алган. Тагыраагы, Ибраимовдун (Чукуевдин “крышасы”) колунда турган 5 млн долларлык терминалды аэропортко 15 млн долларга “сатып алышкан”,-деп белгиленет.
АКСтин (авиационно-космическая система) иликтөөлөрү натыйжалуу болсо Эмир Чукуев да шефи Албек Ибраимовдун жанына барып “конуп” калабы?