• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Манасчы Жусуп Мамайдын айкели орнотулат

6 Бештин айы 2018 12:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 06.12.2018. Govori.TV

Залкар манасчы Жусуп Мамайдын эстелиги  Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын алдына орнотулат. Бул тууралуу КРнын вице-премеьер министри Алтынай Өмүрбекова “Манас” күнүнө арналган иш-чаранын жүрүшүндө айтты.

Вице –премьер  2018-жылы Нарын облусунда улуу манасчы Сагынбай Орозбак уулунун 150 жылдык мааракеси белгиленгенин кошумчалады.

Мындан сырткары ал бул тармакка салым кошуп келе жаткандарга ыраазычылык билдирип, Өкмөттүн сыйлыктары менен сыйлады.

Жусуп Мамай уулу 1916-жылы туулган. Кытайлык кыргыздардын 20-кылымдын экинчи жарымы — 21-кылымдын башындагы чыгаан манасчысы, дастанчы, коомдук ишмер. Кыргыз Республикасынын баатыры (2014).

Эскертекетсек, алп манасчы 2014-жылдын июнь айынын биринде ооруканада узакка созулган оорудан улам кайтыш болгон.

Анын сөөгү 2014-жылдын 2-июнунда Ак-Чийде жерге берилген.

Количество просмотров: 29