• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Манижа Душанбеде чоң концерт берет

12 Баш оона 2022 9:53 Бишкек Govori.TV

Орусиянын атынан «Евровидение-2021» ыр сынагына катышкан ырчы Манижа Сангин Душанбе шаарында чоң концерт берет. Бул тууралуу ырчынын www.manizha.art сайтында айтылат.

Буга чейин ырчынын бир нече концерти Орусияда болбой калган. Манижа «Фейсбуктагы» баракчасына: «Музыканы жокко чыгаруу мүмкүн эмес! Бул түшүнүктүү жана айдан ачык. Онлайн өткөн «Жокко чыгарылбаган концерттен кийин» мен эмне болсо да алдыга жылууга убада бердим. Мына, чоң жаңылык: мен турга барам! «Жокко чыгарылбаган турга», — деп жазды.

Манижа согушка каршы позициясынан улам Орусияда ырдоого тыюу салынган музыканттардын катарына киргизилген. Бул тизмеде ДДТ, «Би-2», «Ногу свело», Земфира, Монеточка, Гречка, Дора жана башка аткаруучулар бар.

Манижа 24-февралда «Инстаграмга» Орусиянын Украинага каршы агрессиясын «боордоштукту өлтүрүүчү» согуш деп атаган.

Манижанын Душанбедеги концерти 8-октябрда өтөт.

Манижа – тажик тектүү орусиялык ырчы. Соул жана этно стилиндеги композицияларды аткарат.

Количество просмотров: 177